Зеленский Украинанын бириккен күчтөрүнүн командачысын кызматтан алды

Автор

Украинанын президенти Владимир Зеленский Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн бириккен күчтөрүнүн командачысы Юрий Содолду отставкага кетирди. Бул тууралуу Украинанын мамлекет башчысы элге жасаган кайрылуусунда жарыялады.
«Мен Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн бириккен күчтөрүнүн командачысы генерал-лейтенант Юрий Содолду бригадалык генерал Андрей Гнатов менен алмаштыруу чечимин кабыл алдым»,-деди президент.
Юрий Содоль 2014-жылдан бери Украинанын чыгышында согушуп келет. Ал 2024-жылдын февралында Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн биргелешкен күчтөрүнүн командачысы болуп дайындалган. Ага чейин 2018-жылдан бери Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Аскер-деңиз күчтөрүнүн деңиз жөө аскерлеринин командачысы болгон.
Андрей Гнатов 36-деңиз пехота бригадасынын штаб жетекчиси кызматын ээлеген, 2022-жылы Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Кургактык аскерлеринин «Түштүк» оперативдик командасынын орун басары болгон.

Бөлүшүү:
Next Post

Баткенде диний-экстремисттик кыймылдын мүчөлөрү кармалды

Баткенде «Йакын-Инкар» диний-экстремисттик кыймылынын лидери жана 9 мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында буга чейин Баткен жана Кызыл-Кыя шаарында, Баткен жана Кадамжай райондорунда «Йакын-Инкар» диний-экстремисттик кыймылынын мүчөлөрүнө карата бир катар тинтүү иштери жүргүзүлдү. Тинтүүнүн жүрүшүндө экстремисттик топтун 1983-жылы туулган […]

Сизге жагышы мүмкүн