Зеленский: Трамп жеңсе, АКШнын колдоосу токтошу мүмкүн

Автор

Владимир Зеленский Республикачыл партиядан президенттикке талапкер Дональд Трамп жеңсе, АКШнын Украинага колдоосу токтоп калышы мүмкүн деген коркунуч бар экенин мойнуна алды. Ошондой эле ал бул жагдайга байланыштуу Киевдин “өзүнүн ички планы” бар экенин кошумчалады.
“Трамп көп нерсени айтат, бирок анын бул колдоону токтото турганын айтканын уккан жокмун”,-деди ал Исландиядагы басма сөз жыйынында журналисттердин суроосуна жооп берип жатып.
“Бирок сиздер менен макулмун, тобокелчиликтер бар. Ошондуктан Украина өзүн күчөтүү үчүн ички план түзгөн. Бул өтө кыйын болот”,-деди ал.
Зеленскийдин айтымында, АКШнын Украинага колдоону токтотуусу Россиянын жеңиши жана Батыштын чоң утулушу болот. “Эгер Трамп президент болуп калса, ал чындап эле жеңилүүнү, башкача айтканда, Украинага колдоону токтотууну каалайт деп ишенбейм”,-деди Зеленский.

Бөлүшүү:
Next Post

Орто - Сай базары мамлекеттин менчигине өттү

“Дордой” жана “Орто-Сай” базарларындагы 8 гектар жердин тагдырына сот чекитти койду. Бишкек шаардык мериясы “Оберон” базарын мамлекеттин менчигине өткөнүн маалымдады. Ушул кезге чейин аталган жерге “Оберон” ишканасынын кожоюндары Кубатбек Байболов менен анын жубайы Нуржамал Байболова ээлик кылып келишкен. Бирок, Нуржамал Байболова «Оберон» базарын мамлекет алардан тартып алганын жана менчик укугу […]

Сизге жагышы мүмкүн