Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШ президенти Жо Байден менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Украинанын НАТОго чакырылышын талкуулоону пландап жатат. Анын айтымында, азырынча шайланган президент Дональд Трамп менен бул маселени талкуулоонун “мааниси жок”.
“Мен жакын арада президент Байденге чалып, эгер ал мен менен сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк тапса, НАТОго чакыруу маселесин көтөрүүнү пландап жатам. Анткени ал азыр АКШнын иштеп жаткан президенти жана анын позициясынан көп нерсе көз каранды. Ал эми азырынча Трамп мырза Ак сарайда жок болгондуктан, андан көз каранды болбогон нерселерди талкуулоонун мааниси жок”,-деди Зеленский Киевде Германиянын оппозициялык блокторунан канцлерликке талапкер Фридрих Мерц менен жолугушуудан кийин журналисттерге билдирүүсүндө.