Зеленский Сауд Аравиянын мураскор ханзаадасы менен жолугушту

Автор

Украинанын президенти Владимир Зеленский Сауд Арабиясынын мураскер ханзаадасы Мухаммед бен Сальман аль Сауд менен Жиддада сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу мамилелер, Швейцарияда өтө турган эл аралык конференция жана россия-украин кагылышуусунда тынчтыкка жетүү жолдору талкууланды.
Сауд Арабиясына келген Украин лидери жана анын делегациясы Швейцарияда 15-16-июнь күндөрү өтө турган тынчтык конференциясында королдуктун жетекчилигинин колдоосуна ээ болууну пландашкан.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкек мэринин жаңы орун басары дайындалды

Талайбек Байгазиев Бишкек мэринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу муниципалитеттен кабарлашты. Байгазиев буга чейин энергетика министринин орун басары болгон. Ал мэрияга Бишкек Жылуулук электр борбору менен “Бишкекжылуулуктармагы” ишканасымэриянын балансына өткөндүгүнө байланыштуу которулду. Талайбек Байгазиев вице-мэрлик кызмат менен бирге мэриянын алдында жаңыдан түзүлгөн Отун-энергетикалык комплекс департаментин жетектейт. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн