Украинанын президенти Владимир Зеленский Россиянын атайын кызматтары 2023-жылдын аягына чейин Украинадагы азыркы бийликти кулатууга багытталган Майдан-3 операциясын ишке ашырууну пландап жатканын билдирди.
Британиялык The Sun басылмасына курган маегинде “Ал президентти алмаштырууга багытталган. Азырынча ушундай. Бул киши өлтүрүү жөнүндө эмес болушу мүмкүн. Менин айтайын дегеним пландар өзгөрөт. Бирок алар колдо болгон куралдарды колдонушат”,-деди украин президенти.