Зеленский Россияга жер берүүдөн баш тартты

Автор

Украинадагы аскердик жаңжал аймактарды өткөрүп берүү менен бүтпөйт. Бул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленский “CBS” телеканалына берген маегинде билдирди.

“Жок. Бул биздин территориябыз”,-деди. Ал Украина Крымды кайтарууга умтулабы деген суроого жооп берген жок.

Зеленский украин армиясынын каршы чабуулу уланарын убада кылды. “Биз алдыга жылышыбыз керек. Бизде текке кетире турган убактыбыз жок. Аба ырайын жана башкаларды унут”,-деп кошумчалады.

Буга чейин АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп эгер Киев буга чейин аймактардын бир бөлүгүн берүүгө макул болсо, украин бийликтери Россия менен жаңжалдын курчушуна жол бербеши мүмкүн экенин айткан. Анын айтымында, мындай келишим Киевге өлкөнү сактап калууга мүмкүндүк берет.

Бөлүшүү:
Next Post

Дүйнө чемпионаты: Тайырбек Жумашбек уулу коло байгенин ээси болду

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Тайырбек Жумашбек уулу Белград (Сербия) шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпионатында коло байгеге ээ болду. Спортчу 61 кг салмак даражасында беттешип, алгач Азербайжандык балбынды 5:0 эсебинде,  чейрек финалда Түркиялык балбанды 4:2 эсебинде утуп жарым финалга жолдомо алган. Ал эми жарым финалда АКШ балбаны […]

Сизге жагышы мүмкүн