Зеленский Радада «жеңиш планын» сунуштады

Автор

Украина президенти Владимир Зеленский Жогорку Радада өзүнүн «жеңиш планын» сунуштады. Ал депутаттарга «жеңиш планы» «тынчтык саммитине көпүрө» болорун айтты. Анын жардамы менен согуштук аракеттерди 2025-жылдан кечиктирбей аяктоого болорун кошумчалады.
План төмөнкү пункттардан турат:
Согуш бүтө электе эле Украинаны НАТОго чакыруу.
Россиянын аймагында операцияларды улантуу жана анын аймагына соккуларга чектөөлөрдү алуу. Өнөктөштөр менен биргеликте орус авиациясын атып түшүрүү, украиналык дрондор менен ракеталарды кеңири колдонуу; өнөктөштөрдүн чалгындоо маалыматтарына жетүү.
Украинанын аймагында «өзөктүк эмес токтотуучу түзүмдөрдү» жайгаштыруу.
Украинанын стратегиялык-экономикалык потенциалын өнүктүрүү жана Россияга каршы санкцияларды күчөтүү.
Согуш аяктагандан кийин украиналык аскерлер өз тажрыйбасын НАТОнун жана Европанын коргоосун бекемдөө үчүн колдонушат. Европадагы АКШнын контингентин украиналык аскерлер алмаштыра алат.
Зеленскийдин айтымында, экинчи, үчүнчү жана төртүнчү пункттардын жашыруун тиркемелери бар, алар өнөктөштөргө сунушталган.
Өзүнүн «жеңиш планы» тууралуу сүйлөп жатып, Зеленский Украинанын уран, титан, литий, графит сыяктуу триллиондогон долларлык стратегиялык ресурстарга ээ экенин өзгөчө баса белгиледи жана аларды биргелешип коргоо жана алардан киреше табууну сунуштады.
Ошондой эле ал электр энергиясын өндүрүүнү жана азык-түлүктү да эске алды. Анын ою боюнча, бул ресурстарды басып алуу РФтин аскердик аракеттеринин негизги максаттарынын бири болуп саналат.
«Бул биздин экономикалык өсүү мүмкүнчүлүгүбүз, Евробиримдикти экономикалык жана коопсуздук көз карандысыздыгы үчүн бекемдөө. Бул АКШ үчүн жана G7 өнөктөштөрү үчүн Украина менен иштешип, инвестициядан киреше алууга мүмкүнчүлүк»,-деп билдирди Зеленский.
Украина АКШ жана Европага «бул ресурстарды биргелешип коргоо, жалпы инвестициялоо жана экономикалык потенциалды биргелешип пайдалануу боюнча макулдашуу» сунуштоодо.

Бөлүшүү:
Next Post

Сосновка постунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды

Сосновка постунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө алынды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Ведомстводон белгилешкендей, тыгындар жайкы дөңгөлөктөгү унаалардын айынан болуп жатат. «№9 ДЭПтин жумушчулары жолду кардан тазалап, ошондой эле туз-кум аралашмасын чачып жатышат», — деп билдиришти башкармалыктан. Белгилей кетсек, кечээ кечтен тарта аба ырайына байланыштуу […]

Сизге жагышы мүмкүн