Зеленский Путиндин ракеталык сокку боюнча билдирүүсүнө комментарий берди

Автор

Украинанын президенти Владимир Зеленский Россиянын президенти Владимир Путиндин Днепрге жаңы орто аралыкка учуучу баллистикалык «Орешник» ракетасы менен сокку урулганы тууралуу билдирүүсүнө комментарий берди. Украинанын лидери муну Түндүк Кореядан аскерлерди фронтко жөнөтүү окуясынан кийин жаңжалды күчөтүүгө жасалган экинчи кадам деп атады.
“Мен баса белгилейм. Бул жыл ичинде Россиянын жаңжалды күчөтүүгө жасаган экинчи кадамы. Биринчи кадам Түндүк Кореяны Украинага каршы согушка тартуу болгон. Бул баллистикалык ракета бүгүн Украинага каршы колдонулганы Россиянын тынчтыкты каалабай тургандыгынын дагы бир далили,-деген Зеленский дүйнөлүк коомчулукту Россиянын аракеттерине мүмкүн болушунча чечкиндүү жооп берүүгө чакырды.
“Аны токтотуу керек. Эгерде Россиянын аракеттерине катуу жооп болбосо, анда алар бул жол берилүүчү нерсе деп эсептейт”,-деди.
2024-жылдын 21-ноябрында Россия куралдуу күчтөрү Днепрге орто аралыкка учуучу эксперименталдык баллистикалык ракеталык системаны колдонуп сокку урду. Россиялык тараптын билдирүүсүнө ылайык, сокку ракета чыгаруучу коргонуу-өнөр жай комплекси иштеген жайга урулган.
Россия президенти Владимир Путин россиялыктарга кайрылып жатып, Днепрге жасалган соккуда “Орешник” деп аталган ракеталык система колдонулганын айтты.

Бөлүшүү:
Next Post

Хабиб менен Макгрегор октагондо жолугушат

Легендарлуу мурдагы UFCнын мушкерлери Хабиб Нурмагомедов менен Конор Макгрегор октагондо кайрадан бетме-бет жолугушат. Хабиб менен Конор жаңы жылдан кийин Усман Нурмагомедов менен ирландиялык Пол Хьюздун Bellator версиясы боюнча жеңил салмактагы чемпиондук беттешинде тарапташтарын колдоп чыгышат. Беттеш 2025-жылдын 25-январында Дубайда (БАЭ) өтөт. Маалыматтарга ылайык, Хабиб аталаш тууганы Усмандын секунданты болот, ал […]

Сизге жагышы мүмкүн