Украинанын президенти Владимир Зеленский Тверь облусундагы учак кырсыгына Украинанын эч кандай тиешеси жок экенин билдирди.
Зеленский Киевде журналисттерге «Буга кимдин тиешеси бар экенин баары билет”,-деди.
23-август күнү кечинде Тверь облусунун аймагында Embraer Legacy бизнес-джети кыйраган. Куткаруучулар каза болгон 10 адамдын тең сөөгүн табышкан. Аба транспортунун федералдык агенттиги учактын жүргүнчүлөрүнүн тизмесин жарыялады, алардын арасында Пригожин мырза жана Вагнер ПМКсынын командири Дмитрий Уткин бар.