Зеленский президенттик шайлоого катышууга ниеттенүүдө

Автор

Украинанын президенти Владимир Зеленский Португалиянын RTP коомдук телеканалына берген маегинде,  2024-жылы президенттик шайлоого катыша турганын айтты. «2024-жылы согуш улана берсе, шайлоо болсо, мен эч качан кетпейм.  Анткени мен Конституциянын гарантымын жана кандай болгон күндө да аны коргойм”,-деп жооп берди Зеленский.
Маегинде Зеленский шайлоонун айрым шарттарын тактап, Батыш өлкөлөрү мындай шайлоолор үчүн акча төлөшү керектигин, Украинадагы коопсуздук маселеси жана качкындар үчүн добуш берүү шарттары чечилиши керектигин кайталады.
Конституцияга ылайык, Украинада кийинки парламенттик шайлоо 2023-жылдын күзүндө, президенттик шайлоо 2024-жылдын мартында өтүшү керек.
Бирок мыйзамда жана Конституцияда шайлоону согуш абалында өткөрүүгө тыюу салынган.

Бөлүшүү:
Next Post

Көк бөрү чыры: «Чагымчылдык аракеттерди жасагандар жоопкерчиликке тартылат»

Чагымчылдык аракеттерди жасагандар аныкталып, мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылат. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. Ош облусунун «Төлөйкөн» ат майданында Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын 32 жылдыгына арналган көк бөрү боюнча финалдык беттештин аяктар алдында оюндун жыйынтыгына көрүүчүлөр тарабынан нааразычылыктар айтылып, жыйынтыгында көрүүчүлөр массалык түрдө коомдук тартип бузушкан. Бул окуя ички иштер органдарында катталып, […]

Сизге жагышы мүмкүн