Зеленский НАТОну ноябрды күтпөөгө чакырды

Автор

Украинанын президенти Владимир Зеленский НАТО өлкөлөрүн чечкиндүү кадамдарга өтүп, ноябрды күтпөөгө чакырды
Украинага Россия менен болгон жаңжалда жеңүүгө жардам берүү үчүн НАТО өлкөлөрүнө чечкиндүү кадамдарга өтүү керек деп билдирди украинанын президенти Владимир Зеленский. Анын айтымында, ноябрда АКШда президенттик шайлоо өткөндөн кийин эмес союздаштар жардамдын көлөмүн азыртан эле көбөйтүшү керектигин билдирди.
«Күчтүү чечимдерди кабыл алуу, аракеттенүү жана ноябрды же башка айды күтпөө убактысы келди. Бул үчүн биз күчтүү болушубуз керек. Баарыбыз чогуу. Биринчи кезекте АКШ»,-деди Зеленский, Вашингтондо өткөн НАТО саммитинин ачылышында. Ал АКШдан америкалык курал менен Россиянын аймагына сокку урууга чектөөлөрдү алып салууну суранды.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте №25 жана №175 автобустар каттай баштады

Бүгүн, 10-июлдан тарта Бишкек шаарында №25, жана №175 муниципалдык автобус каттамдары иштеп баштайт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, №25 муниципалдык автобустун акыркы аялдамасы «Ала-Тоо» жана «Кара-Жыгач» конуштарында жайгашат. Күн сайын 22 автобус каттамга чыгат. Орточо аралык 10 мүнөттү түзөт. Ал эми №175 муниципалдык автобустун акыркы аялдамасы шаардын жогорку бөлүгүндөгү […]

Сизге жагышы мүмкүн