Зеленский мобилизациядан качкандарды өлкөгө кайтарууну колдоду

Автор

“Мен украиндердин мекенине кайтып келишине макулмун. Бирок мажбурлоосуз”,-деди Владимир Зеленский маалымат жыйынында.
Зеленский кээ бир өлкөлөрдө саясатчылар украиндерди үйүнө жөнөтөбүз деп айтуудан тартынарын, анткени аларды багуу өтө кымбатка турарын белгиледи. Ошондой эле, мекенине кайтып келгендерге жумуш табуу үчүн тиешелүү министрлик түзүү керектигин айтты.
БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгынын маалыматына караганда 6 миллиондон ашуун украин качкыны чет өлкөлөрдө. 2024-жылы дагы 400 миң адам Украинадан кетиши мүмкүн.

Бөлүшүү:
Next Post

Баткенде жаңы «Дөгмөн» көмүр кени ачылат

Баткен районунун Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Ормузан аймагында жайгашкан “Дөгмөн” көмүр кени расмий ишке кирүү алдында турат. Бул тууралуу Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. Кен 30-августта өлкө башчысы Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда ачылат. Кенди иштетүүгө жеке ишкер тарабынан 1 500 000 $ инвестиция салынган. Ишкана жылына […]

Сизге жагышы мүмкүн