Зеленский көбүрөөк курал-жарак чыгарууну суранды

Автор

Владимир Зеленский Вашингтондо америкалык коргонуу компанияларынын жетекчилери менен жолугушту. Анда Украинанын аскердик-өнөр жай комплекси жабдууларды жана ок-дарыларды чыгарууну көбөйтүүгө даяр экенин айтып, алардан колдоо сурады.
Зеленский Украина көп ок-дарыларды жана аскердик техникаларды чыгарууга даяр экенин баса белгиледи.
Артиллериялык ок-дарыларды, абадан коргонуу системаларын, артиллериялык жана ракеталык системаларды биргелешип чыгаруу үчүн ири компаниялардын жардамына муктаж экенин кошумчалады.
Зеленский ошондой эле Европада өлкөнүн аймагында жайгаша турган коргонуу борборун түзүү идеясы тууралуу айтты. Бул идеяны ишке ашыруу үчүн украин бийликтери бюрократиялык процедураларды жөнөкөйлөтүүгө даяр экенин баса белгиледи.

Бөлүшүү:
Next Post

Диний уюмдар текшерүүдөн өтөт

Бишкектин райондорунда мечит, медреселер, диний уюмдар текшерүүдөн өтөт. Учурда Ленин районунда рейд жүрүүдө. Анда мекемелердин диний иштерди жүргүзүүгө укук белгилөөчү жана уруксат берүүчү иш-кагаздары жана жалпы санитардык абалы текшерилип, баа берилет. Рейдде МАБнын, РИИБдин, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын, МСЭКБнын, мамэкотехинспекциянын, райондук архитектуранын жана шаардык казыяттын өкүлдөрү бар. Рейд 2021-2026-жылдарга […]

Сизге жагышы мүмкүн