Зеленский: Кырдаал абдан оор

Автор

Украинанын президенти Зеленский Харьковду эффективдүү коргоо үчүн эки америкалык Patriot абадан коргонуу системасы керектигин айтты. «Абал абдан оор. Биз Харьковду жоготуп коё албайбыз… Бизге болгону эки Патриот системасы керек. Эгер алар бизде болсо, Россия Харьковду басып ала албайт»,-деди Зеленский ABC News каналына берген маегинде.
Харьковдо президент менен жолуккан ABC News телеканалынын кабарчысы Жеймс Лонгмандын кырдаалдын курчушуна АКШ күнөөлүүбү деген суроосуна жооп берген Зеленский “Бул бүткүл дүйнө күнөөлүү. Алар Путинге басып алуу мүмкүнчүлүгүн беришти”,-деди украин президенти.
ABC News телеканалынын кабарчысы Зеленскийге көптөгөн америкалыктар АКШдан Украинага канча акча бөлүнүп жатканына тынчсызданып жатканын айтты. Зеленский. “Бул америкалык заводдорго, америкалык жумушчу орундарды түзүүгө жумшалган акча… Биз өз эркиндигибиз үчүн гана күрөшпөйбүз. Эгер Украина болбогондо, ал башка өлкө болмок”-деди.

Бөлүшүү:
Next Post

Президент алтын темасын улай маек берди

Бүгүн, 17-майда президент Садыр Жапаров алтын темасын улай «Кабар» агенттигине маек берди. Төмөндө маекти өзгөртүүсүз келтиребиз: — Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев жергиликтүү радиолордун бирине маек берип жатып, журналист Болот Темировдун белгисиз алтын куймалары жөнүндө жарыялаган видео-материалына таянып, бийлик бул фактыга эмне үчүн кызыгып койгон жок деген суроо койду? Ал […]

Сизге жагышы мүмкүн