Зеленский Курск облусунда операция жүргүзүлүп жатканын тастыктады

Автор

Украина президенти Владимир Зеленский өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн Курск облусунда операция жүргүзүп жатканын тастыктады.
«Эң маанилүүсү – биздин коргонуу аракеттерибиз жана Курск облусундагы операция боюнча башкы командачы Александр Сырскийдин отчету болду. Бардык жоокерлерге жана командирлерге чыдамкайлык жана чечкиндүү аракеттери үчүн ыраазычылык билдиребиз. Координациялык штабга, УКМКга, ИИМге жана Аскер чалгын кызматына – биздин адамдарды туткундан кайтаруу боюнча так жана ачык стратегияны даярдоону тапшырдык. Коргоо министрлигине жана дипломаттарга өнөктөштөрдөн узак аралыкка жеткен курал-жаракты колдонууга уруксат алуу боюнча керектүү аракеттердин тизмесин сунуштоо тапшырылды»,-деди Зеленский. Президентке видео байланышка чыккан Сырский, Украинанын Куралдуу күчтөрү РФнын аймагында болжол менен 1000 чарчы километрди көзөмөлдөй турганын билдирди.

Бөлүшүү:
Next Post

Ысык-Көлдө сел алган жерлер калыбына келтирилүүдө

Нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Балыкчы –Бөкөнбаев – Каракол автожолунун 25-71-чакырымдарында сел жүргөн. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Ушул эле жолду айланып өтүүчү 32+702-чакырымынан баштап 4 жерден 500 метр ашык жолду сел жууп кеткен. Мындан тышкары, курулуп жаткан долбоордун 37+500-чакырымынан 37+800-чакырымына чейинки тилкелериндеги жол жээги селдин кесепетинен бузулган. Учурда […]

Сизге жагышы мүмкүн