Зеленский: Крымды жана Донбассты кайтарууга күч жок

Автор

Украинанын президенти Владимир Зеленский армиясы Крым менен Донбасты өз күчү менен кайтарып ала албасын айтты.
Украина президенти француздун Le Parisien гезитине маек берди. Басылма Зеленскийден согушту токтотуу үчүн кандай компромисске барууга даяр экенин сурады.
“Биз жерлерибизди бере албайбыз. Украина Конституциясы бизге мындай кадамга барууга тыюу салат. Де-факто бул аймактарды азыр россиялыктар көзөмөлдөп турат. Бизде аларды кайтарып алууга күч жок. Биз дүйнөлүк коомчулуктун дипломатиялык басымына гана ишене алабыз”,-деп жооп берди Зеленский.
Журналист Зеленскийден Россия президенти Владимир Путин менен сүйлөшүү үстөлүнө отурууга даяр экенин сурады.
“Путин менен мындай шарттарда сүйлөшүү үстөлүнө отуруу биздин аймактагы бардык нерсени чечүү укугун ага берүү дегенди билдирет. Алгач биз иш-аракеттер планы же тынчтык планы деп аталган нерсени иштеп чыгышыбыз керек. Анан гана биз аны Путинге же жалпы россиялыктарга сунуштай алабыз”,-деди Зеленский.
Ошол эле учурда ал дүйнөдөгү бир да лидер Украинасыз Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө укугу жоктугун баса белгиледи.
“Биз мындай ыйгарым укукту эч кимге берген жокпуз. Биз – жабырлануучуларбыз”,-деди Зеленский.

Бөлүшүү:
Next Post

Александр Усик - Тайсон Фьюри: Үч версияда дүйнө чемпиону үчүн беттешет

Оор салмактагы бирдиктүү чемпион Александр Усик (22-0, 14 КО) Тайсон Фьюриге (34-1-1, 24 КО) каршы экинчи беттешинде титулун коргойт. Оор салмактагы жылдыздар 21-декабрда Бүткүл дүйнөлүк бокс кеңешинин (WBC), Бүткүл дүйнөлүк бокс уюмунун (WBO) жана Дүйнөлүк бокс ассоциациясынын (WBA) курлары үчүн беттешке чыгат. Беттеш 21-декабрда Сауд Аравиянын Эр-Рияд шаарында өтөт. Эске […]

Сизге жагышы мүмкүн