Зеленский коргонуу эле эмес, чабуул да болорун билдирди

Автор

Владимир Зеленский Fox News телеканалына берген маегинде Украина быйыл өзүн коргоону гана эмес, чабуул жасоону да пландап жатканын айтты.
2023-жылдагы контрчабуул тууралуу комментарий берип жатып, украин лидери мындай аракеттерде согушкерлердин өмүрү жөнүндө ойлонуу керектигин, анткени тез кыймыл адамдардын өлүмүнө алып келерин айтты. Зеленскийдин айтымында Украина, аскерлерин жоготсо, бардыгын жоготот. “Коргонуу – бул биринчи милдет. Анан, албетте, биз жаңы каршы чабуулду, жаңы операцияны даярдайбыз”,-деди украин лидери.
Ал согуш талаасында азыркы кырдаал адилетсиз, күчтөр тең эмес экенин белгилеп, Батышты асманды коргоо үчүн Патриот системалары менен камсыз кылууга чакырды.
Украинанын куралдуу күчтөрүнүн каршы чабуулу 2023-жылдын 1-июнунда башталган. Өткөн жылдын октябрь айында Россиянын президенти Владимир Путин Украинанын каршы чабуулу ийгиликсиз болгонун билдирген.

Бөлүшүү:
Next Post

Байден Россияга 500дөн ашык жаңы санкцияларды жарыялады

АКШ президенти Жо Байден 23-февралда Украинадагы согушка жана орус оппозициясынын лидери Алексей Навальныйдын өлүмүнө байланыштуу Россияга каршы 500дөн ашык жаңы санкцияларды жарыялады. Ак сарайдын билдирүүсүнө караганда, бул санкцияларда Навальныйга тиешеси бар адамдар бутага алынат. Ошондой эле Россиянын каржы сектору, коргонуу өнөр жай базалары бар. АКШ булардан тышкары жарандык коомго, көз […]

Сизге жагышы мүмкүн