Зеленский Израилге барабы?

Автор

Украинанын лидери Владимир Зеленский Израилге барууга даярданып жатат. Бул тилектештик визити болот.
ММКлар Зеленскийдин кеңсеси буга чейин Израилдин премьер-министринин кеңсесине визитти координациялоо өтүнүчү менен расмий суроо-талап жибергенин жазышууда. Күнү азырынча макулдашыла элек.
Зеленский ХАМАС менен согуш башталгандан кийин Нетаньяхуга телефон чалган биринчи мамлекет башчыларынын бири болгонун жазышууда.
Киев өткөн жылы Тель-Авивди украин чатагы боюнча бейтарап позициясы үчүн жемелеген.
Израиль Россиянын аскердик операциясын баштаганын айыптап, бирок Украинага аскердик жардам берүүдөн баш тарткан.

Бөлүшүү:
Next Post

Балыкчыда ЖККУнун «Бузулбас боордоштук-2023» машыгуусу аяктады

Бүгүн, 13-октябрда Коргоо министрлигинин Балыкчыдагы «Эдельвейс» окуу-машыгуу борборунда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Тынчтыкты сактоочу күчтөрү менен биргелешкен «Бузулбас боордоштук-2023» машыгуусунун салтанаттуу жабылыш аземи өттү. Ведомстводон билдиришкендей, салтанатта сөз сүйлөгөн коргоо министри Бактыбек Бекболотов машыгуунун бардык катышуучуларына жогорку аскердик чеберчилиги жана кесипкөйлүгү, тырышчаактыгы жана толук берилгендиги үчүн ыраазычылык билдирди. «Жыл сайын […]

Сизге жагышы мүмкүн