Зеленский жаңжалды токтотуунун биринчи кадамын атады

Автор

Украина президенти Владимир Зеленский энергетикалык инфраструктураларга кол салууну токтотуу согуштун аякташына карай биринчи кадам болушу мүмкүн экенин айтты.
«Биринчи саммит учурунда энергетикалык коопсуздук боюнча чечим кабыл алынышы мүмкүн экенин көрдүк. Башкача айтканда, биз алардын энергетикалык инфраструктурасына кол салбайбыз, алар да биздин энергетикалык объектилерибизге кол салбайт. Мында согуштун ысык фазасынын аякташы мүмкүнбү? Менин оюмча, мүмкүн»,-деди Зеленский Financial Times гезитине берген маегинде.
Украина президенти энергетика жана эркин деңизде жүрүү маселелеринде жыйынтыкка жетүү Россия согушту токтотууга даяр экенинин белгиси болуп калышы мүмкүн экенин кошумчалады.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 24 – октябрь саат 09:30га карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 85 сом 46 тыйын болсо, сатуу 85 сом 86 тыйынга чейин болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 85 сом 50 тыйын деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн