Евробиримдик Украинанын биримдикке кирүү маселесин чечиши керек. Муну июнда, келерки саммитте жасаш керектигин Украинанын президенти Владимир Зеленский Литва менен Польшанын президенттери Гитанас Науседа жана Анджей Дуда менен Вильнюста өткөн маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, эгер Евробиримдик баш тартса, Россиянын президенти Владимир Путин муну “алсыздык” деп эсептейт.
Зеленский Украинанын Евробиримдикке кошулуусу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоого убакыт келип калганын кошумчалады.