Зеленский Вашингтонго саммитке чакыруу алгысы келерин айтты

Автор

Украина Вашингтондо 9-11-июлда өтө турган НАТО саммитинин жүрүшүндө альянска кошулуу боюнча чакыруу алгысы келет. Бул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленский Bloomberg басылмасына берген маегинде билдирди.
Зеленскийдин айтымында, Украина Альянска кошулуу боюнча чакыруу алгысы келет, бирок аны алаарын билбейт. «Биз чакыруу сыяктуу нерсени көргүбүз келет. Бул Путинден эч ким коркпой турганын жана баары АКШнын жетекчилигине ишенерин билдирмек»,-деп баса белгиледи президент.

Бөлүшүү:
Next Post

Путин менен Эрдоган Астанада эмне тууралуу сүйлөштү?

Астанадагы ШКУ саммитинде Россиянын президенти Владимир Путин менен Түркиянын президенти Реджеп Тайип Эрдогандын сүйлөшүүлөрү өттү. Эки мамлекеттин лидерлеринин маеги бир саатка созулду. Путиндин айтымында, Россия менен Түркиянын ортосундагы мамилелер дүйнөдөгү азыркы учурдагы бардык кыйынчылыктарга карабастан акырындык менен өнүгүп жатат. “Биз эл аралык саясаттын бир катар эң маанилүү багыттары боюнча активдүү […]

Сизге жагышы мүмкүн