Украина президенти Владимир Зеленский Россиянын аймагына ракеталар менен сокку урууга уруксат бергени тууралуу маалыматка түшүндүрмө берди. Зеленский бул уруксатты түздөн-түз тастыктаган жок.
«Украинаны күчөтүү планы – бул Жеңиш планы. Аны мен өнөктөштөргө сунуштадым. Анын негизги пункттарынын бири биздин армияга алыстан сокку уруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу. Көптөгөн ЖМКлар уруксат берилгенин айтып жатышат. Бирок соккулар сөз менен жасалбайт. Мындай нерселер алдын ала жарыяланбайт. Ракеталар өздөрү баарын айтып берет. Сөзсүз түрдө»,-деди Зеленский кечки кайрылуусунда.
Le Figaro басылмасынын маалыматына ылайык, Франция жана Улуу Британия да Украинага SCALP жана Storm Shadow ракеталарын Россия аймагына сокку уруу үчүн колдонууга уруксат беришкен.