Украинанын президенти Владимир Зеленский “Чоң жетиликтин” Хиросимадагы саммитинде Россия Артемовск (Бахмут) шаарын көзөмөлгө алганын ырастады.
«Бүгүн Бахмут биздин жүрөгүбүздө гана. Бул жерде эч нерсе жок»,-деди Зеленский шаар украин армиясынын колунда калабы деген суроого жооп берип жатып.
“Вагнер” аскердик компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожиндин айтымында шаарды 25-майга чейин текшерип, коргонуу линияларын түзүшөт, андан кийин аны башкарууну аскерлерге өткөрүп беришет.