Зеленский АКШнын акчасы менен жеңишке жетерин айтты

Автор

Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы Киевге 61 миллиард доллар өлчөмүндөгү жардамды бекитүү чечимин кабыл алгандан кийин Украинанын жеңишке жетишүү мүмкүнчүлүгү бар деп билдирди.
Ал АКШнын жардамы Москвага АКШ Украина менен кала берет деген белги экенин, ошондой эле Украинанын Куралдуу күчтөрү Россиянын ири чабуулуна даярданып жатканын кошумчалады. Украинанын лидери америкалык аткаминерлерди жардам бөлүү жана курал-жарактарды берүү боюнча мыйзам долбоорун тездетүүгө чакырды.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкек Англиянын тышкы иштер министрин тосот

Англиянын тышкы иштер министри Давид Камерон Кыргызстанга келет. Ал президент менен жолугушуу учурунда коррупция менен күрөшүү, коопсуздук боюнча кызматташтык жөнүндө сүйлөшөт. “Борбордук Азия мамлекеттери санкциядан кыйгап өтүү аракетин көрбөшү керек”,- деген Камерон соода инвестиция жана билим берүү тармагы, аялдардын жана балдардын билим алуусуна өзгөчө көңүл буруу маселелерин да кошо талкуулайт. […]

Сизге жагышы мүмкүн