АКШдагы шайлоолор аяктагандан кийин Украинадагы жаңжал боюнча үч сценарий бар. Бул тууралуу Украина президенти Владимир Зеленский The Financial Times басылмасына берген маегинде билдирди. Ал АКШдагы шайлоолордон кийин бизге эмне сунушташарын билбейм деди.
Украина президентинин ою боюнча, сценарийлердин бири колдоонун улантылышы. Бирок союздаштар кээ бир тобокелдиктерден коркуп жатышат.
Зеленский кошумчалагандай, калган эки жолду президенттик шайлоодо ким жеңгенине жараша көрүүгө болот. «Бул жагдай оң болобу же терс болобу? Чынын айтсам, билбейм»,-деди ал.