Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШга иш сапары менен келди. Ал Нью-Йоркко учуп, дароо АКШда дарыланып, реабилитацияланып жаткан Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн жоокерлерине жөнөгөн.
Сапардын алкагында Зеленский БУУнун Башкы ассамблеясында сөз сүйлөөнү, уюмдун Коопсуздук кеңешинин жыйынына катышууну, ошондой эле “маанилүү эки тараптуу жолугушууларды” өткөрүүнү пландаштырууда.
Андан соң Украинанын президенти Вашингтонго барып, ал жерде АКШнын президенти Жо Байден, Конгресстин палаталарынын жана партияларынын лидерлери, аскерий жетекчилик, америкалык бизнес жана журналисттер менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.