Зеленский Аба күчтөрүнүн командирин кызматтан алды

Автор

Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкөнүн Аба күчтөрүнүн командири Николай Олещукту кызматтан алды. Убактылуу Аба күчтөрүнүн командирлик милдетин генерал-лейтенант Анатолий Кривоножко аткарат. Ал мурда “Борбор” аба командасын башкарган. Зеленский кечки кайрылуусунда Николай Олещукту кызматтан алганы боюнча айткандарында командалык деңгээлде күчтөнүү, өздүк курамды, бардык жоокерлерди сактоо зарылдыгын кошумчалады.
Украинага Батыш союздаштары берген F-16 учагы кыйраган. Окуя 26-августта Россиянын массалык ракеталык соккусуна каршы туруу учурунда болгон.
Кырсыктын себеби учкучтун катасы болушу мүмкүн делген. Олещук кыйроонун чоо-жайы аныкталып жатканын, согуш шарттарында бул маалымат жашыруун экенин айткан. Ал эми Жогорку Раданын депутаты Марьяна Безуглая F-16 учагы Patriot системасынын огунан жабыркаганын билдирген.

Бөлүшүү:
Next Post

Монголияда Путин камалабы?

Монголия Владимир Путиндин өлкөгө болгон сапары учурунда Эл аралык кылмыш сотунун аны камакка алуу буйругун аткарбайт. Буга чейин Россия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков бул маселе боюнча Кремлде эч кандай тынчсыздануу жок экенин билдирген. Украинанын Тышкы иштер министрлиги Монголия бийлигин Эл аралык кылмыш сотунун (ЭКС) ордерин аткарып, 3-сентябрда бул […]

Сизге жагышы мүмкүн