Зеленскийди өлтүрүүгө даярданган делген полковниктер кармалды

Автор

Украинада Мамлекеттик коопсуздук кызматынын эки полковниги кармалды. Алар Россиянын атайын кызматтарынын көрсөтмөсү боюнча президент Владимир Зеленскийге, Коопсуздук кызматынын башчысы Василий Малюкка, Башкы чалгындоо башкармалыгынын башчысы Кирилл Будановго кол салууга даярданышкан.
Украинанын Коопсуздук кызматынын маалыматына караганда кармалгандар Будановду Пасха алдында ал жайгашкан үйгө ракета менен сокку уруу менен өлтүрүүнү каалашкан.
Калгандарды жок кылуу үчүн дрондорду колдонушмак.

Бөлүшүү:
Next Post

Улуттук банк валюта рыногунан 17,7 млн доллар сатып алды

Кыргызстандын улуттук банкы валюта рыногунан 17,7 млн доллар сатып алды. Бул Улуттук банкттын доллар сатып алуу боюнча жыл башынан берки алтынчы интервенциясы. Буга чейин Улуттук банк 26-апрелде — 24,5 доллар, 22-апрелде — 25 млн 850 миң доллар, 16-апрелде 19,2 млн доллар, 8-апрелде 17,1 млн доллар, 27-мартта 9 млн доллар сатып […]

Сизге жагышы мүмкүн