Украинанын мурдагы премьер-министри Николай Азаров өзүнүн Telegram каналында Владимир Зеленский 20-майда анын ыйгарым укуктары аяктагандан кийин өзүн президент атаган болуп калат деп билдирди.
“Зеленский майдын аягында легитимсиз, бийликти узурпациялап алган адамга айланат. Мунун кесепети кандай болот? Ал эми кесепеттери өтө жөнөкөй – ал чыгарган жоболордун биринин да юридикалык күчү болбойт»,-деп жазган ал.
Азаровдун айтымында, Украинанын Конституциясында президенттин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү беш жыл деп так жазылган жана аскердик абал киргизилген учурда анын ыйгарым укуктарын узартуу мүмкүнчүлүгү Жогорку Радага гана каралган.
Украинада президенттик шайлоо 2024-жылдын 31-мартында, ал эми жаңы шайланган мамлекет башчысынын инаугурациясы май айында өтмөк. Бирок добуш берүү аскердик абалга жана жалпы мобилизацияга байланыштуу токтотулган.