Владимир Зеленскийдин ыйгарым укуктары 20-майда аяктады.
Украинада президенттик шайлоо 2024-жылдын 31-мартында, ал эми жаңы шайланган мамлекет башчысынын инаугурациясы май айында өтмөк. Бирок аскердик абал жана жалпы мобилизация шылтоолоп, шайлоо токтотулган.
Зеленский туура эмес убакыт экенин айтып, бул маселени токтотуу керектигин баса белгилеген.
Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун айтымында, Зеленскийдин ыйгарым укуктарынын май айында бүтүшүнө байланыштуу Кремль өз позициясын билдирет. Бул үчүн кырдаалды талдайт.