Зеленскийдин кеңсеси: Экинчи “тынчтык саммити” болбойт

Автор

Украина президентинин кеңсесинин өкүлү Дарья Заривнанын айтымында, орус-украин жаңжалын тынч жол менен жөнгө салуу боюнча экинчи эл аралык саммит ноябрда өтпөйт. “Азырынча Украина президенти Владимир Зеленскийдин «тынчтык формуласынын» ар бир пункту боюнча тематикалык конференциялар өтүп жатат. Алар коммюнике кабыл алуу менен аяктайт. Бул коммюникелердин негизги жоболору экинчи саммиттин тынчтык планынын негизи болот”,-деди Заривна.
Маалыматтарга ылайык, украин бийлиги АКШда президенттик шайлоого чейин, ноябрда экинчи тынчтык конференциясын уюштурууну көздөгөн.
Бул жолу жыйынга Россия чакырылмак. Бирок, Россиянын ТИМи иш-чарага катышууну четке каккан.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкек мэриясы коомдук транспортто жол кире акысын көтөрүү боюнча үн катты

Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев «жол кирени көтөрүү» сунушу боюнча түшүндүрмө берди. Бул тууралуу ал социалдык баракчасына билдирүү жазды. Аткаминер жол кире акысын «Тулпар» картасы же башка бардык банктын картасы менен QR код аркылуу төлөөгө чакырды. “Азыр “Тулпар” карталары менен жана Улуттук банктын QR аркылуу бардык банктын карталары менен жол […]

Сизге жагышы мүмкүн