Зардалыга баруучу жол келээрки жылы курулат

Автор

Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Баткен облусунун алыскы Зардалы айылына жөө баруучу жолдун абалы менен жеринен таанышты. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, келерки жылдын жазында калктуу конушка баруучу жолдун курулушу башталат.
Белгилей кетсек, бир апта мурда Зардалыга бара турган жалгыз унаа жолдун тар жерлери тазаланып, кеңейтилген.
Зардалы — Баткен облусунун бийик тоолуу, жетүүгө кыйын зонадагы айылы. Жол жыл сайын май-июнь айларында ачылып, кыш түшкөндө жүрүүгө мүмкүн болбой калат.

Бөлүшүү:
Next Post

Россиянын премьер-министри Арменияга, Иранга барат

Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин 1-октябрда иш сапары менен Арменияга барат. Ереванда ал Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына жана Евразиялык экономикалык форумдун (ЕЭФ) пленардык сессиясына катышат. 30-сентябрда премьер-министр Иранга барышы күтүлүүдө. Ал жерде президент Масуд Пезешкиан жана биринчи вице-президент Мохаммад Реза Ареф менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин алкагында Россия, […]

Сизге жагышы мүмкүн