Запорожье АЭСинде чоң өрт чыкты

Автор

Украина президенти Владимир Зеленский бул окуяга Россиянын аскерлерин айыптады. Ал эми Москва бул үчүн Украинаны күнөөлөдү.
Владимир Зеленский окуя тууралуу Telegram-каналы аркылуу маалыматында “Дүйнөнүн реакциясын, МАГАТЭнин реакциясын күтүп жатабыз. Россия буга жооп бериши керек. Запорожье станциясына украиналык көзөмөл гана нормалдуулукту жана толук коопсуздукту кайтарып бере алат”,-деди.
Запорожье облусунун Россия алган аймагынын администрациясынын башчысы Евгений Балицкийдин айтымында, өрт электр станциясынын муздатуу системасынын объектинде чыккан. Ал өрткө АЭС жайгашкан Энергодар шаарынын Украинанын аскерлеринин аткылаганы себеп болгонун билдирди.
ТАССтын маалыматы боюнча, Украинанын куралдуу күчтөрү Запорожье АЭСине камикадзе дрону менен сокку урган, андан кийин станциянын муздатуу системасында өрт чыккан. Сокку натыйжасында эч ким жабыркаган эмес. Станциянын жарылуу коркунучу жок, радиациялык фон нормалдуу.
“Росатом” Украинанын Запорожье АЭСине жасаган соккусун өзөктүк терроризм акты деп атады.

Бөлүшүү:
Next Post

Ысык-Көлдө сел жүрүп, 17 үйдү суу каптады

Ысык-Көл районунун аймагында катталган селдин кесепетинен Чолпон-Ата шаарынын Тогуз–Булак тилкесинде 4 турак үйдү. Ал эми Бактуу-Долоноту айылындагы Бактуу-Долоноту суусунун деңгээли көтөрүлүп, нугунан чыгып, натыйжада 9 турак үйдү сел суулары каптаган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Ошондой эле Булан-Соготу айылында 1, ал эми Бостери айылында 3 турак […]

Сизге жагышы мүмкүн