Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору алмашты

Автор

Догдурбек Чонтоев Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин администрациядан билдиришти.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин кызматка дайындоо, бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө” токтому менен бекитилген Мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин кызматка дайындоо, бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө жобонун 2-пунктуна ылайык Чонтоев Догдурбек Токтосартович Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору болуп дайындалды.

Бөлүшүү:
Next Post

Окуучуларга жана мугалимдерге балка менен кол көтөргөн өспүрүм кармалды

Челябинск шаарындагы №68 мектепке 13 жаштагы өспүрүм балка менен башка окуучуларга жана мугалимдерге кол көтөрдү. Челябинск облусу боюнча Ички иштер башкармалыгы өспүрүм кармалганын, кылмыш иши козголгонун билдирди. Кылмыш иштери киши өлтүрүүнү уюштуруу жана шалакылык боюнча козголду. Тергөө органдары окуя болгон жерди текшерип, кол салуунун шарттарын аныктоодо. Аймактагы Саламаттыкты сактоо мекемесинин […]

Сизге жагышы мүмкүн