Жөө басуунун пайдалары

Автор

Жөө басуу ден соолугуңузга таасирин берүү үчүн жумасына аз дегенде үч жолу 10 миң кадам басуу керек.

10 миң кадам жаштар үчүн орточо 6-7 километр болот. Ал эми орто жаштан жогорулардын кадамдары кичине болгондуктан 3-4 километр болот. Бул аралыкты дароо жүрө албасаңыз алгач 5 миң кадам менен баштаңыз.

Жөө басуу учурунда бир жерге шашып бара жаткандай тез басуу керек. 10 миң кадамды жарым саатта басып өткөндөй болуңуз. Ден соолугуңуз тез басууга мүмкүнчүлүк бербесе, жай басуудан баштаңыз.

Басуу учурунда башыңызды жерге салбаңыз. Башты тик, ийиниңизди түз кармап, колуңузду активдүү шилтегенди унутпаңыз.

Жөө басуунун пайдалары

Стресстен арылса да болот

Жаштыкты узартат

Ар дайым жөө жүрүүнү салтка айланткан адам өзүн кыйла жаш сезет. Ар бир кыймыл аракет жүрөктүн согушун мүнөтүнө жетимиштен 100-150гө чейин жогорулатат. Жогоруда айтылган оору-сыркоолордон сактайт. Адам өзүн жеңил сезет жана баскан-турганы, кылган иштери жеңил жасалат. Америкалык окумуштуулар жарым саат жөө басуу эки саатка өмүрдү узартат деп белгилешкен. Андыктан жөө жүрүүдөн ээринбеңиз.

Жүрөк-кан тамыр системасынын ооруларын жана кан басымды нормалдаштырат

Арыктоого шарт түзөт

Жөө басуу учурунда бир мүнөттө 5 калл жок болот. Бул көп болбосо дагы толук адамдар үчүн ыңгайлуу болуп саналат. Анткени жөө басуу чуркоо сыяктуу оор эмес жана муундарды чарчатып, көп күчтү талап кылбайт.

Жарым саат чуркаган айымга салыштырмалуу жарым саат жөө баскан айым тез арыктаары окумуштуулар тарабынан аныкталган.

Жөө басуу учурунда мээнин иштеши эки эсе күчөйт. Бир нерсени эстей албай жатсаңыз же бир нерсени жаттоо керек болсо ары-бери басуу натыйжалуу экени аныкталган.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстанда тоютту сыртка чыгарууга убактылуу тыюу салынды

Кыргызстандан айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн ташып чыгууга убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Бул реэкспортко, транзиттик жана гуманитардык жардамга тиешеси жок экени белгиленген. Атап айтканда, азыр экспорттоого төмөнкүлөргө тыюу салынат: жем (чөп, саман, жем, кебек жана дан тоюту); арпа; күрүч; сулу. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн