Кыргызстан жөлөкпул берүүдө Кытайдын жол жобосуна өтөт. Анда турмуш шарты жакшы болуп, бирок, мамлекеттен 8 миң сом пособие алгандардын аты – жөнүн массалык маалымат каражаттарынан жарыялоо каралып жатат.
Мындай маалыматты министрлер кабинетинин төрагасы билдирди. Ал Аксы районуна барганда ал жерден бирөө “алты саны аман, волейбол ойнойт, кечинде карта ойнойт, пособие 8 миң сом алат”,- деген. “Мындан улам биз каржы жагын аябай текшерип жатабыз”,- деген Акылбек Жапаров.