Малайзияда жүргүнчүлөрү бар чакан учак трассага кулап, кеминде 10 адам каза болду.
Учактын ичинде сегиз адам болгон. Кырсык болгон учурда унаа жана мотоцикл трассада өтүп бара жаткан. Унаанын айдоочусу менен мотоциклдин айдоочусу да каза болгонун полиция билдирди.
Аба кемеси Ланкави аралынан учуп бара жаткан. Ал радардын экранынан жоголуп кеткен, кийинчерээк полиция учак трассага кулап түшкөнүн билдирген. Кырсыктын себептери азырынча белгисиз.