Жүк жана жүргүнчү поезддердин кагылышуусунан 17 адам жабыркады

Автор

Мурманск облусунда поезддердин кагылышуусунун кесепетинен он жети адам жабыркады. Алардын үчөө жашы жете элек балдар. Үч адам оор абалда, калган жабырлануучулар, анын ичинде балдар, орточо оор абалда. Бул тууралуу Россиянын Саламаттыкты сактоо министринин жардамчысы Алексей Кузнецов билдирди.
18-декабрда Москва убактысы боюнча саат 16:15те Мурманск – Санкт-Петербург каттамындагы №11 жүргүнчү поезди (326 жүргүнчү) Княжая станциясына келгенде жүк поездинин вагондору менен капталынан кагылышкан. Андан улам жүргүнчү поезддин бир нече вагону жана жүк поезддин вагондору рельстен чыгып кеткен. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголду.

Бөлүшүү:
Next Post

Минкаб төрагасы эки министрди өзү сунуштаган

Экономика жана коммерция министрлигине дайындалган Бакыт Сыдыков менен минкабдын 1-орун басарлыгына дайындалган Данияр Амангелдиевди жаңы кызматтарына минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев сунуштаган. Ал депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, “экөөнү тең мен сунуштадым. Мен ойлойм, иштерин алып кетишет. Азыр жаңы болушуп, депутаттардын суроолоруна жооп бералбай жатышы мүмкүн. Бирок, келерки отурумдарда жооп берет»,- […]

Сизге жагышы мүмкүн