Жүздөн ашуун орусиялык спортчулар жарандыгын алмаштырды. Бул тууралуу Россия Федерациясынын спорт министринин орун басары Алексей Морозов билдирди.
Аткаминер 100дөн ашык орусиялык спортчу башка өлкөлөр үчүн ат салышууга киришкенин мойнуна алды.
“Олимпиадалык эмес спорт түрлөрү менен бирге 55 спортчу жана башка түрлөрү кошулуп, жүздөн ашык адам жарандыгын өзгөрттү . Биз спортчулардын жарандыкты алмаштыруу учурларын минималдаштырууну каалайбыз”, – деди Морозов .
Эске салсак, 2022-жылдын башынан бери Орусиянын курама командаларынан 67 спортчу жарандыгын алмаштырган.