Жүгөрү чачынын организмге пайдалары

Автор

Жүгөрүнүн чачы – өттү тазалап, канттын деңгээлин түшүрөт, боор менен уйку бездин иштешин жакшыртат жана арыктаганга жакшы каражат болуп саналат.
Айрыкча аппетитти төмөндөтөт. Нерв системасын тынчтандырат. Жүгөрүнүн чачысын кайнатып ичкен убакта жеңил , мүнөздөп тамактануу керек. Дайыма тамактан 30 мүнөттөн кийин ичүү керек.
Кандай даярдалат?
Өт айдоо үчүн 200 гр кайнаган сууга 1 аш кашык жүгөрүнүн чачысын салып , демдеп ,тундуруп , сүзүп 1 күндө 4 жолу 1 чоң кашыктан 2 жума ичүү керек.
Боор, өт оорусуна , өт,заара айдаганга 2 чоң кашык жүгөрүнүн чачысын 200 гр стаканга салып, үстүнө кайнак суу куюп, эмаль идишке суу куюп, стаканды салып, капкагын жаап , отко коюп, акырын жай отко 10-15 минута кайнатуу керек. Күнүнө 4 маал 1 чоң кашыктан ичип 2 жума ичип, 1 ай дем алып кайра 2 жолу кайталайт.
Диабетиктер үчүн 2 чоң кашык жүгөрүнүн чачысын 500 мл сууга салып 5-8 минута кайнатып, тундуруп , сүзүп бир күндө тамактан кийин 3 маал 1 чоң кашыктан 6 ай ичүү керек. Ушундай эле тунманы даярдап ,3 жума ичип 2 жума эс алып 5 ай ичсе баш оору айыгат.
Ушундай эле өлчөмдө ичүү бөйрөктөгү ташты, өттөгү ташты жок кылууга болот жана циститти жок кылат. Бирдей өлчөмдөгү чалканды кошо сууга кайнатып башты жууса ,чач түшпөйт, жакшы өсөт.
Эскертүү: жүгөрүнүн чачына аллергиясы барларга, боюнда барларга ,варикоздорго, тромбофлебиттерге ,аябай арык адамдарга ичсе болбойт.

Бөлүшүү:
Next Post

Индиянын премьер-министри тынчтыкты жактарын айтты

Индиянын премьер-министри Нарендра Моди Украинанын маселесин тынчтык жолу менен чечүү керектигин айтып, анын өлкөсү Европада тынчтыкты колдой турганын билдирди. Бул тууралуу ал Киевге болгон иш сапарынын алдында айтты. «Индия Будданын салтына ишенет. Ошондуктан согушка эмес, тынчтыкка ишенет. Индия бул аймакта тынчтыкты колдойт, жана азыр согуш үчүн убакыт эмес экендиги ачык. […]

Сизге жагышы мүмкүн