ЖЭБ кышка даяр

Автор

Жылуулук электр борбору быйыл 1 млн тонна көмүр менен камсыздалат. 450-500 мгб чейин электр энергиясы колдонулат. Быйылкы жана эмдиги жыл үчүн 1 млрд 900 млн квт электр энергиясы алынат. Анын 750 миң тоннасын мекенчил көмүрчүлөр алып келет.
Мындай маалыматты энергетика министри билдирди. “250 тоннасын Казакстандан сатып алабыз. Кыргыз Көмүр 600 миң тоннага чейин камсыз кылат. 50 миң тонна Таш Көмүрдөн, калганын консорциумга кирген компаниялар жана 200 миң тоннага чейин Миң-Куштагы Ак-Улак кени берет. Жалпылап айтканда, кышка даярбыз”,- деди.

Бөлүшүү:
Next Post

"уулу", "кызы" деп кошуп жазуу коомдук талкууга чыкты

Эми фамилия жазуунун жаңы нускасы киргизилет. Жогорку Кеңештин депутаттары Мирлан Самыйкожо менен Нурлан Шакиев мыйзам долбоорун иштеп чыгып, коомдук талкууга алып чыгышты. Мыйзам долбоору кабыл алынса, жаңы төрөлгөн эркек ымыркайга “уулу”, кыз наристеге “кызы” сөзү кошуу милдеттендирилет. Учурда коомчулук өз пикирин билдирүүдө. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн