ЖЭБди реконструкция кылган компания менен Акылбек Жапаров жолугушту

Автор

Экс-премьер министр Сапар Исаков камалган кылмыш иште аты аталган кытайлык компанияга кызматташуу боюнча сунуш берилди.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытайга болгон иш сапары учурунда “TBEA Company Limited” компаниясынын президенти Чжан Синь менен жолугушуп, компанияны Кыргызстандагы кайра жаралуучу энергияны өнүктүрүү багытындагы долбоорлорго катышууга чакырды.
Эки тараптуу жолугушууда минкаб төрагасы ТВЕА компаниясы ишке ашырган долбоорлордун маанилүүлүгүнө токтолгон. Ал эми Чжан Синь Кыргызстан менен кызматташууга дайым даяр экенин билдирген.
Эске салсак, Алмаз Атамбаевдин бийлиги учурунда ТВЕА Бишкек жылуулук электр борборун модернизациядан өткөргөн. Кийин кылмыш иши козголуп Сапар Исаков баш болгон бир топ чиновниктер камакка алынышкан.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргыз эл артисти Сагынбек Ишенов дүйнө салды

Кыргыз Эл артисти жана алгачкы кыргыз мультипликатору Сагынбек Ишенов 90 жашында көз жумду. Эл артиси менен коштошуу зыйнаты эртең, 28-июнда саат 09:00дө Москва-Совет көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйүндө өтөт. Ал “Кыргызфильм” киностудиясында иштеп, режиссёр катары “Сандардын чатагы”, “Космонавттар көчөсү”, “Эң тил алчаак”, “Олокон”, “Меке чал жана Кара дөө”, “Эки коён”, “Портрет” тасмаларын […]

Сизге жагышы мүмкүн