Бүгүн, 8- февралга карата Бишкек ЖЭБинин жалпы активдүү кубаттуулугу 300 МВт, 9 отказан менен 4 турбоагрегат иштеп жатат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкекжылуулуктармагы штаттык режимде иштеп, бардык арыздар тез арада каралып жатат.
Учурда бардык абоненттер жылытуу жана ысык суу системасына кошулган.