Бишкек ЖЭБдин аймагын авариядан кийинки курулуш калдыктарынан тазалоо иши 95% аяктады.
Ыкчам штабдын маалыматына караганда, имаратты жылуулоо 65%га бүткөрүлдү.
Жалпы кызматкерлердин коопсуздугу жана ден соолугу тыкыр көзөмөлгө алынып, тамак-аш менен камсыздалууда.
Бүгүнкүгө карата Бишкек Жылуулук электр борборундагы өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюуга жалпы 1109 адам, 32 техника тартылды.