ЖЭБдеги жарылуу шалаакылыктан келип чыкты

Автор

Жогорку Кеңеш ЖЭБдеги кырсыкты көзөмөлгө алууга тийиш. Бул тууралуу бүгүн, 7-февралдагы парламенттин жалпы жыйынында депутат Шайлообек Атазов билдирди.
Эл өкүлү “Жогорку Кеңеш сөзсүз комиссия түзүп, көзөмөлгө алмайын ЖЭБдеги кырсык аныкталбайт. Ал мекемедеги шалаакылык кычыраган кышта жарылууга алып келди. Мындайда, өкмөттүн тийиштүү орун басарларына да жоопкерчилик болушу керек”,- деп билдирди.
“Мына, көрөсүңөр, өкмөт кышка даярдык менен келгенде айрым депутаттар “талкууну токтотолу, баары жайында” деп чыгышат. Андай жактоочу боло бербей өкмөттүн кышка жана жазга болгон даярдыгын угуп, тийиштүү тапшырмаларды бериш керек. Антпесе, шалаакылыктар орун ала берет”,- деди депутат.

Бөлүшүү:
Next Post

Жогорку Кеңештин жаңы депутаттары ант беришти

Жогорку Кеңештин бүгүн, 7-февралдагы жыйынында “Альянс” парламенттик фракциясынын депутаттары Айсулуу Мамашова жана Эльдар Абакиров ант берип, депутаттык ишине киришти. Белгилей кетсек, алар депутат Фарходбек Алимжанов менен Эмил Жамгырчиевдин ордуна келген. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн