Жыргалаң көмүр кени ишке киргизилди

Автор

Ысык-Көл облусунда 12 жылдан бери иштебей турган Жыргалаң көмүр кени ишке киргизилди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Жыргалаң көмүр кенинин иши менен таанышты.

Таанышуу учурунда бул кен 12 жылдан ашуун убакыттан бери иштебей турганы, бирок 2022-жылдын жаз айларында өлкө Президентинин тапшырмасына байланыштуу иш жанданганы жана Каракол шаарын жана ага жакын аймактарды кыш мезгилинде көмүр менен камсыз кылаары айтылды.

Белгилей кетсек, Жыргалаң кенин ишке киргизүү менен Кара-Кече кениндеги күчтү кыскартууга, ошондой эле Кара-Кече кенинен Каракол шаарына жана ага жакын аймактарга көмүр ташууга багытталган каражатты үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Учурда Жыргалаң кенинен суткасына 100-120 тонна көмүр чыгарылса, кышында Каракол шаарын, Түп, Жети-Өгүз жана Ак-Суу райондорун камсыздоо үчүн 12 миң тонна көмүр керектелет, буга байланыштуу бул аймактардын кара отунга болгон муктаждыгын Жыргалаң көмүр кени толук камсыздай алат.

Бөлүшүү:
Next Post

Президент темир жолчуларды куттуктады

Президент Садыр Жапаров темир жол тармагынын кызматкерлерин келе жаткан кесиптик майрамы – өлкөнүн Темир жолчулар күнү менен куттуктады.   Мамлекет башчысынын куттуктоосу:   “Урматтуу темир жол тармагынын кызматкерлери жана ардагерлери!   Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын!   Темир жол тармагы өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнүн жана социалдык туруктуулугунун негиздеринин бири […]

Сизге жагышы мүмкүн