Дүйнөдө жерлердин деградацияга учуроосу жылына 1 миллион чарчы чакырым ылдамдыкта жүрүп жатат. Бул тууралуу Потсдам климаты өзгөрүүнү изилдөө институтунун изилдөөсү жарыяланды. Адистердин эсептөөсүнө ылайык, түшүмдүүлүгүн жоготкон жерлердин аянты Антарктиданын аянтынан ашып, 15 миллион чарчы чакырымды түздү.
The Guardian гезити жарыялаган баяндамага ылайык мындай ыргак климаттын туруктуулугун камсыздоого, айлана-чөйрөнү коргоого багытталган аракеттерге доо кетирип, азык-түлүк коопсуздугун коркунучка салууда.
Акыркы убакка чейин дарактар жана топурак көмүр кычкыл газынын бөлүнүп чыккан заттарынын үчтөн бирин сиңирип турган. Бирок алардын бөлүнүп чыгуусу эки эсеге көбөйдү. Акыркы он жыл ичинде токойлордун кыйылышы жана климаттын өзгөрүшү экосистемалардын бул жөндөмдүүлүгүн 20 пайызга кыскартты.
Изилдөөдө жерлердин деградациясына кабылган бир катар аймактар катары Түштүк Азия, Түндүк Кытай, АКШдагы Калифорния көрсөтүлгөн.
Изилдөөнүн максаты – Бириккен Улуттар Уюмунун чөлгө айлануу менен күрөшүү боюнча Конвенциясынын алкагында Эр-Риядда өтө турган 200 өлкөнүн саммитинин алдында жерлерди рационалдуу пайдалануу боюнча глобалдык аракеттерди күчөтүү боюнча маалымат берүү болгон.