Жыл башынан бери 35,2 миң жаран пенсияга чыкты

Автор

Кыргызстанда 2024-жылдын январь-июль айларында 35 миң 248 жаран пенсияга чыкты. Бул тууралуу Социалдык фонддон билдирди.
Маалыматка ылайык, анын ичинде июль айында 1 миң 205 жаранга пенсия чектелди.
Андан тышкары, эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 271 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык пенсиялар кайрадан эсептелинди.

Бөлүшүү:
Next Post

Телефонду түнү кубаттоонун зыяны

Көптөгөн адамдар телефонун толук кубаттоо үчүн уктап жатканда коюшат. Бирок эксперттер бул телефондун батареясынын иштөө мөөнөтүн кыскартат деп ырасташат. Австралиядагы Борбордук Квинсленд университетинин профессору Ритеш Чугдун айтымында, эгер телефондор түн ичинде кубатталса, алар 4 эсе көп кубат алышат жана фондо иштеп жаткан тиркемелерден улам батареяны кайра-кайра кубаттоого аракет кылышат. Профессор […]

Сизге жагышы мүмкүн