Жыл башынан бери Чүй облусуна 226,7 млн сом бөлүндү

Автор

2024-жылдын 4 айында Чүй облусуна 226,7 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинен республикалык бюджеттин эсебинен бюджеттер аралык трансферттер – 83,5 млн сом өлчөмүндө каржыланган:
теңдөөчү трансферт – 66,2 млн сом;
айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө – 16,4 млн сом;
электрэнергия болгон 50% компенсациясына – 0,9 млн сом;
Мындан тышкары, Чүй облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (айыл өкмөттөр) электр энергиясына кеткен чыгымдардыкаржылоого республикалык бюджеттен – 143,2 млн сом бөлүнүп берилди.

Бөлүшүү:
Next Post

Депутат ВДНХнын абалына кейиди

“Учурда бул жер үйсүз-жайсыздардын, жапайы мышыктардын жана аракечтердин аймагына айланып калды. Башка өлкөлөрдө ВДНХга жаштар барып эс алат, үйлөнгөндөр сүрөткө түшөт. Бизде болсо, кор болуп жатат”,- деп билдирди депутат Акылбек Түмөнбаев. Ал бул тууралуу бүгүн, 16-майда парламенттин жалпы жыйынында билдирди. Түмөнбаев депутаттык топ түзүүнү жана мамлекетке кайтаруу маселесин карап чыгууну […]

Сизге жагышы мүмкүн