2023-жылдын сегиз айында Талас облусуна өлкө бюджетинен 153,8 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.
Бюджеттер аралык трансферттер:
Теңдөөчү трансферт – 128,5 млн сом;
Ыйгарым укуктарды берүүгө – 10,5 млн сом;
Электрэнергия болгон 50% компенсациясына – 1,4 млн сом;
Жер салыгынын жоготууларынын ордун толтурууга – 13,4 млн сом.
Мындан тышкары, Капиталдык салымдар беренеси боюнча 60 объектиге 221,5 млн сом жумшалды.